Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-6
Кара-Таш айыл аймагындагы жаштар демилгечилер тобунун кайрылуусун кароо жөнүндө.
Кара-Таш айыл аймагындагы жашоочулар тарабынан айылдын капка жайлоосунан улуттук оюндарды өткөрүү жана жаштардын бош убактысын пайдалуу, өткөрүү максатында 6 (алты) гектар жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кайрылуусун айылдык кеңеш карап,талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык, депутатардын айылдык кеңеши токтом кылыт;
1.Кара-Таш айыл аймагынын капка жайлоосунан жалпы аянты 6 (алты) гектар какыр (эчкандай өсүмдүк өспөгөн) жер тилкеси улуттук оюндарды уюштуруу жана жаштар арасында спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
-Бул жер тилкесин улуттук оюндар “Көк бөрү”, “Ордо”, “Ат чабыш” ж.б. иш-чаралар үчүн гана пайдаланууга уруксат берилет. --Башка чарбалык же жеке менчик максаттарда колдонууга тыюу салынсын
2 .Тийиштүү жер документтерин даярдоо, жердин чегин аныктоо жана каттоо иштерин жүргүзүү Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Саланов Канатбекке жүктөлсүн.
3.Айыл өкмөтү жыл сайын бул жер тилкесинин абалы жана пайдалануу тартиби боюнча айылдык кеңешке маалымат берип турсун.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |