Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-7
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн менчигиндеги "Нива" үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн № 01-01-18/1276, 06.10.2025-жылдагы сураныч катынын негизинде, айыл өкмөтүнүн балансында турган 2008-жылкы, ак түстөгү, "Нива" үлгүсүндөгү, техникалык паспорту №АВ 575183 кызматтык автоунааны сатуу маселеси Кара-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине коюлуп каралды.
Талкуунун жүрүшүндө белгиленгендей, аталган автоунаа көп жылдан бери пайдаланылып, учурда техникалык абалы начарлап, оңдоо жана тейлөө чыгымдары көбөйгөн.Айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында, маселе Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине, ошондой эле “Мүлккө болгон укуктар жана аны каттоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык каралып, Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат;
1.Кара-Таш айыл өкмөтүнүн балансындагы 2008-жылкы, ак түстөгү, "Нива" үлгүсүндөгү, техникалык паспорту №АВ 575183 кызматтык автоунааны сатууга макулдук берилсин.
2.Унааны сатуу иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ачык жана мыйзамдуу жол менен жүргүзүлсүн.
3.Автоунаанын абалын жана базардык наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочу (отценщик) тартылып, тиешелүү корутунду алынсын.
4.Баалоо ишинин жана сатуу процессинин жыйынтыгы айыл өкмөтү тарабынан акт түрүндө расмий катталып, айылдык кеңештин кийинки сессиясына маалымдалсын.
5.Унааны сатуу иши үчүн айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлсүн.
6.Унааны сатуу натыйжасында түшкөн каражат айыл өкмөтүнүн атайын эсебине киргизилип, кызматтык жана чарбалык муктаждыктарды чечүүгө багытталсын.
7. Жогорудагы пунктарда көрсөтүлгөн тартипте иш алуу баруу жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына К. Салановго милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |