Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №9
“Манас шаардык кеңешинин 08.12.2025-жылдагы кезектеги XX сессиясынын №9 жана 24.10.2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №2 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Манас шаарынын мэриясынынын 24.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8230 жана чыг.№01-18/8248 сандуу каттары шаардык кеңештин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 8-декабарь 2025-жылдагы кезектеги XX сессиясынын №9 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктундагы “Жалал-Абад облустук стоматологиялык поликлинкасы” мекемесине оперативдүү башкарууга” деген сөздөрдү “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына” – деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
2. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 24-октябрь 2025-жылдагы кезексиз XVIII сессиясынын №2 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктунун 7-абзацындагы “компенсация төлөө жолу менен” деген сөздөрдү “алмашуу жолу менен” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |