Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XVII сессиясы
2025-жылдын 17-ноябры №17/1
Ак-Тилек жаңы конушуна курулуп жаткан электр көмөкчү
чордондорунун жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:
1. Ак-Тилек жаңы конушуна электр чубалгыларын куруу долбоорунун алкагында башкы планда белгиленген № 1, № 2, № 3, № 4 электр көмөкчү чордондорунун ар бирине 100 кв.м жер аянты жалпы 400 м кв.м жер аянты бекитилип берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик акт алуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кара-Бургөн айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Кемелов |