Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-8
Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин арызы жөнүндө
Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Мамытовдун Кара-Таш айыл өкмөтү менен типтүү келишиминде белгиленген жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн 380,8 миң сомуна кошумча 120,0 миң, Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өздүк эсебине кайтарып берүү жөнүндөгү арызын жана айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат;
1.Кара-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өздүк эсебине, 2025-жыл үчүн 380,8 миң сомго кошумча 120,0 миң сом кайтарылып берилсин.
2.Токтомду аткаруу, бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысына милдеттендирилси
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин, экономика бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |