Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 7-октябры № 9-9
Кара-Таш айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу программасын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, Кара-Таш айыл аймагынын аймагында жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу маселесин тартипке келтирүү, жер ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана калктын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат;
1.Кара-Таш айыл аймагынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу программасы» кабыл алынсын.
2.Программа айыл аймагынын калкынын турак-жай жана айыл чарба багытындагы жер участокторуна болгон муктаждыгын канааттандырууга багытталсын.
3. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү кызматкерлерине
- Программанын аткарылышы боюнча айылдык кеңешке маалымат берип туруу милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба, жана экология жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
| Б.Муктарбек уулу |