Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2025-жылдын 13-октябры № 7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата киреше бөлүгүнүн аткарылышын талдоо менен бирге, киреше салыгынын иш жүзүндө пландалгандан аз түшүп жаткандыгын жана жылдык планга 2 270 100 (эки миллион эки жүз жетимиш миң бир жүз) сом жетпей калуу коркунучу бар экендиги жөнүндө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 01-19/220 сандуу сунуш катын эске алып, айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна таянып, ошондой эле бюджеттин балансын сактоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы №2
“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө”токтому менен бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Киреше бөлүгү: 36 349 200 (отуз алты миллион үч жүз кырк тогуз миң эки жүз)
сомдон 2 270 100 (эки миллион эки жүз жетимиш миң бир жүз) сомго азайтылып, 34 079 100 (отуз төрт миллион жетимиш тогуз миң бир жүз) сом өлчөмүндө такталсын.
-Чыгаша бөлүгү: Кирешенин азайышына байланыштуу, бюджеттин чыгаша
бөлүгү жалпы 2 270 100 (эки миллион эки жүз жетимиш миң бир жүз) сомго кыскартылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү:
-Бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
-Чыгашалар боюнча артыкчылыктуу эмес беренелерди аныктап, кыскартыла
турган суммаларды бөлүштүрсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Дүйшөев |