Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XVII сессиясы
2025-жылдын 17-ноябры №17/2
Кара-Бүргөн айыл аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айылдык кеңеши, ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө сунушталган жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууну ишке ашыруу милдети Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | Б. Кемелов |
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 17/2 токтому менен бекитилген
Кара-Бүргөн айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Каара-Бүргөн айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо (мындан ары – брондоо) эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу;
– санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо;
– көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу;
– кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.
– “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
– башка ченемдик укуктук актылар.