Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №10
“Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги
мүлктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 05.12.2025-жылдагы №01-18/7766 жана №01-18/7791 сандуу каттарын Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.Манас шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын балансындагы төмөндөгү мүлктөрдү өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1) “К-701” үлгүсүндөгү атайын техникасын канал казгычы менен кошо Сузак райондук суу чарба башкармалыгына оперативдүү башкарууга;
2) “ВАЗ 21214” Нива үлгүсүндөгү 04 КG 797 AC мамлекеттик номурлуу кызматтык автоунааны Манас райондук электр тармактар ишканасына.
2. Мүлктү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |