Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XVII сессиясы
2025-жылдын 17-ноябры №17/3
Кара-Бүргөн айылынын башкы планын кеӊейтүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “597 токтому менен бекитилген “Жер участокторуун которуу(трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобосуна ылайык” Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айылынын калктуу конушунун башкы планы кеӊейтилсин.
2. Кара-Бүргөн айылында жайгашкан №1544 (80,0 га) бадал баскан таштуу жайыт, №1545 (0,20га) жайыт жер, №1546 (0,10га) бадал баскан таштуу жайыт, №1573 (0,30га) таштуу жайыт: контурларынын жалпысы 80,6 га жер аянтын калктуу конуштардын жер аянты категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кара-Бургөн айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Кемелов |