Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XVII сессиясы
2025-жылдын 17-ноябры №17/4
Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы дан сактоочу кампаны оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана дан эгиндерин иштетүүчү жабдууларды алуу долбоорун сунуштоо жөнүндө
Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы дан сактоочу кампаны оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана дан эгиндерин иштетүүчү жабдууларды алуу долбоорун карап чыгып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы дан сактоочу кампаны оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана дан эгиндерин иштетүүчү жабдууларды алуу долбоору Нарын облусунун Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы дан сактоочу кампаны капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбооруна өздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 415 445 (төрт жүз он беш миң төрт жүз кырк беш) сом бөлүнүп берилсин.
3. Долбоорлорду Нарын обулусунун “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуна тапшыруу жагы айыл өкмөт башчысы Ж. Калмуратовго тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом Кара-Бургөн айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Кемелов |