Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8-1
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү,айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын арендага берилген жерлерин максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуу боюнча жер адистин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана таалкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №31997-111 токтому менен бекитилген “КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого таянып, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Ысаковдун жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын ижарага берилген жерлерин максатуу пайдалануу боюнча маалыматынын негизинде бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун тактоого зарыл болгон жерлерин 15 (он беш) күн мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын жана жерлерди тактап, бөлүштүрүү максатында конкурстук комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. КРнын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы 31997-111 токтому менен бекитилген “КБФнын жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык, конкурстун негизинде КБФнын чөп чабынды жерлери 5 (беш), сугат жерлери 5 (беш), бактар 5 (беш) жылдан кем эмес мөөнөт менен ижарага берилсин жана төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин:
Баштапкы баасы 1 га кайракы жер үчүн –1000 сом
Сугат жер үчүн -1500 сом
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 500 сом
Жакынкы жер үчүн - 800 сом
Бак үчүн - 5000 сом.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адисине, конкурстук комиссиянын курамына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Төрөшев |