Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №11
“Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени мөөнөтсүз
пайдаланууга берүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 11.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/7948 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин 24.12.2025-жылдагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102 дарегинде жайгашкан 2866,60 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-02-0006-0766) муниципалдык жер тилкесинен 68,00 чарчы метр бөлүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жерлерди өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |