Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8-2
Айыл аймагындагы калктын жайлоого көчүп-конуусун жөнгө салуу жөнүндө
Айыл аймагындагы калктын жайлоого көчүп-конуусун жөнгө салуу менен Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагындагы бардык айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү убактысын белгилөө жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
токтом кылат:
Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагындагы бардык айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү убактысы айыл аймагына караштуу бардык айылдарда тартипке келтирилсин.
Жайлоого көчүү убактысы белгиленген графиктен кечиктирилбесин, ал эми Жошолу жана Корул айылдарында жайлоодон көчүп келүү Корул аймагында 20-августтан, ал эми Жошолу аймагында 25-августтан эрте болбосун , жайлоо жолдорун көчүү графигине чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
Жайлоого көчүп-конууну жөнгө салуу, сырттан келген малдарды алып, жайлоого чыккандар алыскы жайлоолорго алып чыгуусун, айыл ичине бөлөк малдарды киргизбөөсүн камсыздоо, айыл ичиндеги малдарды падага алган малчылар үчүн айыл тургундарынын малы чыкпаган обочо жайыттан жайыт ордун аныктап берүү айыл өкмөттүн башчысына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Токтомду аткарбай, жайлоого малдарды өз учурунда, белгиленген мөөнөттө кетирбеген жарандарга, жайлоодон белгиленген убакыттан эрте көчүп түшкөн , же болбосо малдарды кароосуз калтырып, малы чөп орунду жайыттарга түшүп калган жарандарга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пулдар салуу жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар мыйзамынын негизинде айып пулдарды салуу менен тартипке чакыруу айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн Бузуулар Мыйзамы менен иш алып барган комиссиясына тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Төрөшев |