Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №12
“Манас шаарындагы жер тилкелерди муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 19.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8154, 24.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8231 жана 24.12.2025-жылдагы чыг.№01-18/8233 сандуу каттары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөндөгү жер тилкелерди кабыл алууга макулдук берилсин:
1) Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисинен Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Сафаровка айылына чейинки “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын балансындагы темир жолдун жер тилкесин;
2) Манас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы Жазык аткаруу кызматынын “Келечек” Мамлекеттик ишканасынын №10 филиалынын балансындагы 13000,0 чарчы метр (идентификациялык коду 3-10-01-0018-7004) жер тилкесин;
3) Манас шаарынын Я.Иминов көчөсүндө жайгашкан 2385 чарчы метр жер тилкесин.
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерди өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |