Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз XVII сессиясы
2025-жылдын 17-ноябры №17/5
Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы Уста Турдуке жана Чиркей Секиев көчөлөрүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кырыгыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы Уста Турдукеатындагы жана Чиркей Секиев атындагы көчөлөрү Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кара-Бүргөн айыл аймагынын веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура курулуш, транспорт жана экология жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Кемелов |