Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8-3
Айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо инспекторунун жана КААБдын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айыл өкмөттүн аскерге катоо инспекторунун жана Коомдук алдын алуу борборунун аткарып жаткан иштеринин абалы (аксакалдар, ардагерлер, аялдар, жаштар комитеттери) жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
токтом кылат:
Айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо инспекторунун жүргүзүп жаткан иштеринин абалы сын-сунуштарды эске алуу менен «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
18 жашка толгон жана аскерден убактылуу калтыруусунун күчүн жоготкон жогорку жаштагы, аскерден убактылуу калтырууга укугу жок эркек жарандардын мөонөттүк аскердик жана альтернативдик кызматтарына чакыруу үчүн жазгы жана күзгү чакырылуучуларды алдын ала тандоо жана изилдөө сапаттуу жана так өткөрүлсүн, ошондой эле аскерге каттоо боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу ВУС инспекторуна милдеттендирилсин.
Коомдук алдын алуу борборлорунун айыл аймагындагы үрп-адат, каада-салт, ыксыз ыгым-чыгымдарды тартипке келтирүү жана алар менен күрөшүү максатында жүргүзүп жаткан иштери сын-сунуштарды эске алуу менен «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
КААБдын курамы аркылуу айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия курамы ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана тартипке келтирүү боюнча жумуш алып барууну жандандырышсын жана каада-салт, ырым-жырымдарды иретке келтирүү, ашыкча чыгымдарды кыскартуу менен айыл аймагынын калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү заседаниенин негизги максаты болуп эсептелсин.
Ашыкча каада-салт, ырым-жырымдарды, ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда ар бир айылда ардагерлер, аялдар, жаштар кенештеринен, айыл аксакалдарынан, айыл имамдарынан кошулуп комиссия курамдары түзүлсүн, жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө, ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барышсын.
Кайсы айылда маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумдун жылдыгы, аш-той өткөрүү ж.б. зарылдык пайда болгон учурда айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссияга кабарлоо жеткирип туруу жагы ар бир айылдын айыл башчысынын жоопкерчилигине жүктөлсүн, ал эми комиссия курамы айыл башчынын маалыматынын негизинде ыксыз чыгымга жол бербөө багытында жумуштарды алып барышсын.
Айтылган жана кабыл алынган айылдык кенештин сессиясындагы, айылдан түзүлгөн комиссиянын, айыл аксакалдарынын кабыл алынган чечимдерин аткарбаган, карама-каршы иштерди жүргүзгөн, текеберликке жол берген айылдын тургундарын, эл алдында уяткаруу чаралары көрүлсүн.
Калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, коомго терс көрүнуштөгү жорук-жосундарды болтурбоо, мыйзамсыз спирт ичимдиктерин саттырбоо, ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо, ар түрдүү оюн-зоокторго, отуруштарга чек коюу максатында КААБдын мүчөлөрү участкалык инспектор менен биргеликте тыкыр көзөмөлдөө менен иш алып барышсын.
Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Г.Мадаевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Төрөшев |