Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №13
“Манас шаарынын аймагындагы жер тилкелердин
укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 24.12.2025-жылдагы №01-18/8249 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 24.12.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүндө жайгашкан төмөндөгү жер тилкелердин укуктук зонасын Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө борборлорунун жана коммерциялык активдүүлүк) зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин:
1) (идентификациялык коду 3-10-02-0005-0888) 2069,1 чарчы метр, укуктук зонасы Ц-4 (транспорт түйүндөрүндөгү ишкердүүлүк жана өндүрүштүк активдүүлүктөр жана коммерциялык курулмалар зонасы);
2) (идентификациялык коду 3-10-02-0005-1368) 85,0 чарчы метр, укутук зонасы П-1 (өнөр жай ишканаларынын зонасы);
3) (идентификациялык коду 3-10-02-0005-1292) 84,0 чарчы метр, укуктук зонасы
Ц-4 (транспорт түйүндөрүндөгү ишкердүүлүк жана өндүрүштүк активдүүлүктөр жана коммерциялык курулмалар зонасы);
4) (идентификациялык коду 3-10-02-0005-1625) 41,0 чарчы метр, укуктук зонасы
Ц-3 (рыноктор жана дүң соода зоналары);
5) (идентификациялык коду 3-10-02-0005-0896) 196,0 чарчы метр, укуктук зонасы Ц-4 (транспорт түйүндөрүндөгү ишкердүүлүк жана өндүрүштүк активдүүлүктөр жана коммерциялык курулмалар зонасы);
6) (идентификациялык коду 3-10-02-0005-0847) 67,9 чарчы метр, укуктук зонасы
Ц-3 (рыноктор жана дүң соода зоналары);
2. Манас шаарынын мэриясына, Манас шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас шаардык филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |