Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8-5
Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин олимпиадалык көрсөткүчтөрү, ЖРТнын жыйынтыгы жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин олимпиадалык көрсөткүчтөрү, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндөгү айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
2024-2025-окуу жылынын ичинде Тилектеш айыл аймагындагы мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлгөн иш-аракеттер сын-сунуштарды эске алуу менен «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадаларынын райондук, облустук турларынын жыйынтыгы боюнча маалыматтары боюнча Олимпиаданын облустук турунан даярдаган окуучусу физика предметинен 3-орунду ээлеген Абдрахманова Жанаргүлгө айылдык кеңеш тарабынан «Ыраазычылык кат» даярдалсын.
2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 200 баллдан жогору балл алган окуучуга 15 миңден, ал эми мугалимдерине 5 миңден 10 миңге чейин жана «Алтын сертификат» алган окуучуга 30 миң, аларды даярдаган мугалимдерге 10 миңден 20 миң сомго чейин берүү сунушталсын.
Бала бакчаларда ар кандай иш-чараларда көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, ийгиликтерге жетишкен балдарга жана тарбиячыларга, ошондой эле спорттук иш-чараларга катышкан жаштарга,ийгилик жараткан спортчуларга бюджетке карап, стимул катары акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, тамагын уюштурууда бардык нормаларды сактоо жана азык-түлүктүн сапатын кароо бала бакчалардын башчыларына жүктөлсүн.
Жыл аягында ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатынын эсебин берүү айыл өкмөттүн бухгалтериясына , ал эми бала бакчанын көйгөйүн чечүүдө айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын каралуусун өз убагында көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акчалай сыйлыктарды өз учурунда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 6 айдын жыйынтыгы менен иштетилип, үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каржылап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Төрөшев |