Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2025-жылдын 25-апрели № 8-6
Тилектеш айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1.Тилектеш айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифи 1 куб суу 50 (элүү) сом деп бекитилсин, суу эсептегичи жок абоненттерге жан башына 150 сомдон эсептелсин.
2.Айыл тургундарына таза сууну үзгүлтүксүз берүү жана көтөрүлгөн тарифтин негизинде толук кандуу ремонт иштерин жүргүзүү жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Иманахуновго милдеттендирилсин.
3.Сууга болгон төлөмдөрдү өз учурунда төлөбөгөн жарандардын суулары муниципалдык ишкана тарабынан эскертүүлөр берилсин, эскертүүгө карабастан төлөм жүргүзбөгөн абоненттердин суусу айып пул салуу менен токтотулсун.
4.Айыл тургундары тарабынан чыгарылган таштандыны кабыл алуу тарифи 1 кабы 100 (жүз) сомго бекитилсин.
5.Чогултулган ичүүчү таза суунун жана таштандынын акылары “Тунук-Булак-таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Төрөшев |