Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги XXI сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №14
“Манас шаарынын мэриясына караштуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 25.12.2025-жылдагы №01-18/8285 сандуу катынын жана Манас шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу К.Иманалиевдин сунушун эске алып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын мэриясына караштуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Болотов Н.Б. |
| Шаардык депутаттар кеңешинин 26.12.2026-жылдагы кезексиз XXI сесиясынын №14 токтомуна 1-тиркеме |
Жалпы жоболор |
Департаменттин функциялары |
Департаменттин мүлкү |
Департаментти уюштуруу |
Каржылоо жана отчеттуулук |
Департаментти жоюу жана кайра түзүү. |
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндөгү» жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам ченем актыларына ылайык иштелип чыккан жана Манас шаарынын мэриясына караштуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин укуктарын жана милдеттерин, тапшырмаларын, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт (мындан ары Департамент).
1.1. Манас шаарынын мэриясына караштуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти (КЧжКД) шаардык мамлекеттик администрация башчысынын 10.05.1996-ж. З.Г 230-Р «ТКЧ Департаментин түзүү жөнүндөгү» жана 30.01.1997-ж. К 79-Р «ТКЧ Департаментин түзүмдүк өзгөртүү жөнүндөгү» буйрутмалары жана 29.04.2011-ж. «Манас шаарынын мэриясына караштуу Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментин бекитүү жөнүндөгү» №336-токтому менен түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Кодекстеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ченемдик укуктук актыларынын, Манас шаарынын мэриясынын, Манас шаардык депутаттар кеңешинин токтом, буйрук, тапшырмаларына ылайык иш алып барат.
1.2. Департамент, муниципалдык менчикти ыкчам башкаруу ишин турмушка ашырган Манас шаардык мэриясынын түзүмдук бөлүмчөсү болуп саналат.
1.3. Департамент өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйрутмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токтомдорун жанаб уйрутмаларын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам ченем актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчилике алат.
1.4. Департамент өз алдынча баланска, банк мекемелеринде алыш–бериш (расчетный) жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен жана Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн төгөрөк мөөрүнө, бурчтук штампына, бланкына жана башка атрибуттарына ээ болгон муниципалдык мекеме түзүлүшүндөгү юридикалык жак болуп эсептелет.
Департаменттин расмий аталышы:
-Мамлекеттик тилдеги толук аталышы: «Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти» мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение «Департамент коммунального хозяйства и благоустройства».
Департаменттин кыскартылган аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «КЧжКД»мекемеси;
- Расмийтилде; Учреждение «ДКХиБ»,
1.5. Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин юридикалык дареги: Кыргыз Респуликасы, Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Эркиндик көчөсү № 56,тел.03722 2-52-27, индекс 720901
1.6. Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти Жалал-Абад облустук адилет башкармалыгында (2005-ж. 1июлу) катталып, №1710-3303-у-күбөлүгүн алган Манас шаарынын мэриясына караштуу Турак жай коммуналдык чарба департаментинин ишин улантуучу болуп эсептелет жана анын укук, милдеттерине ээ болуп, карыздары боюнча жооп берет.
1.7. Департаменттин түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) шаардагы көчөлөрдүн жарыктандыруусу
2) оңдоп-түзөө жана курулуш участогу
3) жарандык ырым –жырымдардын бюросу
2. ДЕПАРТАМЕНТТИН ФУНКЦИЯЛАРЫ
2.1. Департамент төмөнкү иштерди жүзөөгө ашырат:
2.2. Инженердик байланыштарды өнүктүрүү;
2.3. Шаарды көркөмдөп кооздоо;
2.4. Коммуналдык чарба обьектилеринин айкалыш (комплекстүү)өнүгүсүн жетектөө;
2.5. Ишканалар, уюмдар жана жеке жактар шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сактоосун көзөмөлдөө;
2.6. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган обьектилердин курулушу жана чон (капиталдык) ремонту, шаарды көрктөндүрүү боюнча текшерүүнү, көзөмөлдү жана аткарылган ишти өткөрүп алууну иш жүзүнө ашыруу;
2.7. Обьектилерди иштетүүнүн, инфраструктуранын жана шаарды көрктөндүрүүнүн, ошондой эле имараттар жана курулуштардын жана башка иштердин денгээлин көтөрүү, аны сактоого байланышкан оңдоо-куруу жана монтаждоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү жолу менен Департаменттин түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн каржылык туруктуулугу (стабилдүүлүгү) боюнча иш чараларын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
2.8. Муниципалдык обьектилерди жана курулуштарды башкаруу менен байланышкан шаардын жергилүктүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте кабыл алуу (бекитүү) үчүн шаардык кеңештин жана мэриянын сессиясынын кароосуна сунуштоо;
2.9. Жол кыймылынын коопсуздугунун абалын талдайт, шаардагы жол шарттарын, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууну жакшыртуу боюнча сунуш чараларды иштеп чыгат.
2.10. Муниципалдык обьектилердин жана курулуштардын ишмердүүлүк натыйжалуулугун жогорулатуу, ушул кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү жеке секторду активдүү тартуу жана атаандаштыкты (конкуренцияны) киргизүү жолу менен жергиликтүү коомчулукка көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатын бардык жагынан өркүндөтүү.
3. ДЕПАРТАМЕНТТИН МҮЛКҮ
3.1. Манас шаарынын мэриясы Департаменттин ишмердүүлүгү үчүн Уставдык фонд жана жүгүртмө каражаттарды бөлүп берет.
3.2. Департаменттин мүлкү Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиги болуп саналат жана мекемеге ыкчам башкаруу укугу катары бекитилип берилет. Департамент өзүнө бекитилген мүлктү ушул мүлк ээсинин макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга же башка жол менен башкарууга укуктуу.
4. ДЕПАРТАМЕНТТИ УЮШТуРУУ
4.1. Департаментти директор башкарат, ал Манас шаарынын мэринин буйругу менен шаардык кеңештин макулдашуусу боюнча дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4.2. Департаменттин түзүлүшү жана штаты Манас шаарынын мэри тарабынан каралып шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
4.3. Департамент өзүнүн ишмердүүлүгүндө шаар мэрине жана анын орун басарларына баш ийет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Манас шаарынын мэриясына жана Манас шаардык депутаттар кеңешине жана башка мамлекеттик органдарга отчет берет.
4.4. Департамент директорунун функциялары:
1) Департамент жүргүзгөн ишке жалпы жетекчилик кылат, баланстарды, ишмердүүлүк пландарын, каражаттарды сарптоодо негизги багыттарды жана сметаларды карап чыгат жана бекитет;
2) Уюштурат жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде Департаменттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык маселелерди чечет, Департаментке жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
3) Өз ыйгарым укуктарынын алкагында жана Манас шаарынын мэриясынын токтомдорун жана буйруктарын, мамлекеттик бийликтин башка жогорку органдарынын токтомдорун аткаруу менен келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, буйруктарды чыгарат, Департаменттин мүлкүн башкарат;
4) сотто доогер жана жоопкер болуп катышат;
5) Департамент жана түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттери жөнүндөгү нускаманы бекитет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүнө, каражаттарына ээлик кылат жана бардык зарыл болгон акчалай операцияларын жүргүзөт;
7) Департаменттин бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдарда анын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу көрсөтөт;
8) Департамент кызматкерлерин ишке алуу жана бошотууну бекитилген түзүлүшкө ылайык контракттык негизде жүзөгө ашырат;
9) Акчалай, материалдык-мүлк жана насыялык эсеп-кысап мүнөздөгү иш кагаздарына кол койот;
10) Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин дайындайт;
11) Уюштуруу жана чарбалык иштери орун алган мезгилде тийиштүү органдардын макулдашуусу боюнча түзүлүштү, штаттык түзүмдү (расписание) жана бюджетти бекитет;
12) Ишканалар, уюмдар жана жеке жактар менен болгон мамилелерде мыйзамда тыюу салынбаган ар түрдүү бүтүмдөрдү жана башка юридикалык актыларды жасайт, келишимдерди түзөт.
13) Тыюу салынган жерге токтотулган автоунааларды эвакуаторга жүктөп, автоунаа токтотуучу жайга (айып короого) жеткирет;
14) Автоунаа токтотуучу жайды опперативдүү башкарат.
4.5. Департамент директору ички коррупциянын алдын алуу системасын түзүү боюнча чараларды көрөт жана мекеме кызматкерлери коррупциялык элементтерге аралашкан учурда түз жоопкерчилик тартат.
5. КАРЖЫЛОО ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУК
5.1. Муниципалдык менчик обьектилерин кармоо, иштетүү, тейлөө боюнча мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоо булактары бюджеттин, атайын каражаттардын жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алуудан түшкөн кирешенин эсебинен куралат.
5.2. Өндүрүштүк жааттагы жана социалдык өнүктүрүү каражаттарын, эмгек акы фондун чыгымдоо Департамент жетекчилигинин чечим боюнча жүргүзүлөт.
5.3. Департаменттин эсеп-кысап жалпыланган кирешеси төмөнкүлөрдүн эсебинен куралат:
1) көрсөтүлгөн кызмат акыдан алынган киреше:
2) өз күчү менен же көтөрмө (подрядтык) курулуш уюмдары тарабынан жеке базанын өнүгүүсү үчүн ишке ашырылган, чарбалык эсеп-кысап бөлүмчөлөрүнүн капиталдык ремонттоо эсебинен;
3) Эвакуатор эвакуациялаган автоунаалардан түшкөн акча каражатынын эсебинен
4) Автоунаа токтотуучу жайда (айып короодо) тургандыгы үчүн төлөнгөн акча каражаты.
5.4. Департамент түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү турмушка ашырат, ошондой эле ай сайын алардын жасаган иши жөнүндө отчетун кабыл алат.
5.5. Департамент мыйзамда белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту алып барат, мамлекеттик органдарга керектүү маалыматтарды берет жана жоопкерчилик тартат.
5.6. Мекеменин ишмердүүлүгүн текшерүү (ревизиялоо) жана көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана күчүнө кирген мыйзам укук берген мамлекеттик органдар тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
6. ДЕПАРТАМЕНТТИ ЖОЮУ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮҮ
6.1. Департаменттин ишмердүүлүгүн токтотуу аны жоюу же кайрадан түзүү жолу менен ишке ашырылат.
6.2. Департаменттин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө чечим Манас шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынат.
6.3. Мекемени кайрадан түзүүдө анын укук жана милдеттери ишти улантуучу тарапка өткөрүлөт.
6.4. Департамент жоюлган учурда Манас шаарынын мэриясы мыйзамда белгиленген тартипте иштөөчү жоюу (ликвидациялык) комиссиясын түзөт.
6.5. Департамент жоюлган учурда мекеменин мүлкү Манас шаарынын мэриясынын менчигине өтөт.
6.6. Мекеме жоюлган же кайрадан түзүлгөн учурда иштен бошотулган кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталууга кепилденет.
Жооптуу катчы Осмонова Г.О.