Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2025-жылдын 18-ноябры № 01-4/13-1
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы № 3-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолор жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына таянып, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата келип түшүүчү кирешени жана чыгашаны айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы №3-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоо жана толуктоо жүргүзүү керектиги тууралуу ФЭБнүн башчысынын маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыгына карата келип түшүүчү кирешени жана чыгашаны айылдык кеңештин 2025-жылдын 16-январындагы № 3-4 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолорду жана толуктоолорду киргизип, бекитилсин. (1-2-тиркеме тиркелет)
2.Аткарууга жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүл Назаралиевнага жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С.Абдырахманов |