Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)
ТОКТОМ
2025-жылдын 22 - декабры №19/79
2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлор (ПСД) даярдалуучу иш-чаралардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-22-23-27- октябрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлор (ПСД) даярдалуучу иш- чаралардын тизмеси бекитилсин жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына киргизилсин (тиркеме 1).
2. 2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлорду (ПСД) даярдоодо бекитилген тизмеге ылайык иш алып баруу жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
22-декабрындагы кезексиз
19-сессиясынын № 19/79 токтомуна
тиркеме 1
2026-жылга карата проектик сметалык долбоорлор (ПСД) даярдалуучу иш-чаралардын тизмеси
№ | Иш-чаралар |
“Молдо Гулмат” атындагы борбордук сейил багын реконструкциялоо | |
Жусубалиев көчөсүндөгү светофордон баштап “Азамат” жеке мектебине чейинки жол тилкесин асфальттоо, лоток, тротуар жасоо | |
Баткен жазуудан Кадамжай жазууга чейинки аралыкты жарыктандыруу | |
14-кичи районундагы 600 метр жол тилкесин асфальттоо | |
Мэриянын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү | |
ДКШ капиталдык ремонттоо | |
Молодежная көчөсүнөн баштап Асаналиев көчөсүнө чейинки жолду кеңейтүү, тротуарларын, лотокторун, жарыктандыруусун оңдоо | |
ОсОО “Манас”кайтарылган имаратын капиталдык оңдоо, муниципалдык ишканаларды жылдыруу | |
"Караван" АБ имаратынын экинчи кабатынын курулушун бүткөрүү | |
Хрипченко көчөсүндөгү бүтпөй калган жолдун асфальтын бүтүрүү | |
Киргизская көчөсүндөгү 380 метр бүтпөй калган жол тилкесинин асфальт иштерин бүтүрүү | |
Кара-Козу участкасындагы спорт залдын куруу иштерин аяктоо | |
Кулатов көчөсүндөгү 2 кабаттуу имаратты (кирпичный) капиталдык оңдоодон өткөрүү | |
Муниципалдык мал базарын ачуу | |
Кыргызстандын 20 жылдык көчөсүндөгү аллеяны бүтүрүү | |
Бам 15 кичи районуна аллея куруу жана асфальттоо | |
Абжапаров көчөсүнөн Восток 2 көчөсүнө чейинки жолду кеңейтүү, тротуар, лоток орнотуу, жарыктандыруу | |
Кара-Кыштак 25 км таза суу алып келүү | |
6 км канализация, тазалоо курулушу | |
Модульный ТЭЦ куруу | |
Январский кичи районун газдаштыруу | |
Киров көчөсүндөгү 2 км жерге "Жашыл мурас" программасы алкагында бак тигүү | |
Шаардагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу, ички көчөлөрдөгү электр чубалгыларын жакшыртуу | |
Борбордук китепкана ремонт | |
Ак-Булак айылындагы спорт залдын долбоорун даярдоо, курулуш иштерин аягына чыгаруу | |
Токтогул-Жамбул көчөлөрүнө тротуар жана түнкү жарыктандыруу орнотуу | |
Кара-Козу участкасынын 3-мост тарабынан 1,2 км жаңы жол куруу, Токтогул көчөсүнө чейин тротуар, жарыктандыруу жасоо | |
Ак-Булак айылындагы маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү | |
Асаналиев көчөсүнөн Кулатов көчөсүндөгү Олимп АЗСке чейинки аралыкка альтернативдүү айлампа жол куруу | |
ЖДПБ алдын иретке келтирүү, асфальт төшөө. Поликлиниканын алдына сквер куруу. Поликлиниканын алды жана арткы жагына кошумча кабинеттерди куруу | |
Ак-Куу балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү | |
Д.Шамшиев көчөсүнө тротуар жасоо, түнкү жарыктандыруу | |
Ынтымак айылынан кире бериш тарапка стелла куруу | |
Токтогул көчөсүнөн Нефтебазага чейинки аралыкка саркынды суу куурларын тартуу | |
Жин-Жиген айылына бала бакча куруу | |
Ак-Булак айылындагы Байтеит уч. жолду асфальттоо, мазарга чейинки жолго асфальт төшөө | |
Ак-Булак айылындагы Байтеит уч. Күнгөй 1-2 таза суу куурларын тартуу | |
Караван айылындагы Сартбаева көчөсүнөн самотекко чейинки жолду асфальттоо | |
Жусубалиев көчөсүнө “Аква-Парк-Бассейн” куруу | |
“Маш-Завод” жаңы конушунун жолдорун асфальттоо | |
Полигондогу круговойдон баштап Жусубалиев - Кулатов көчөсүнө чейинки аралыкка жарыктандыруу, лоток, тротуар жасоо | |
Ак-Булак айылына автобаза куруу | |
Сухой-Сай каналын кенейтүү, селден коргоочу тосмолорду куруу | |
Молодежная - (Сухой Сай)- көпүрө куруу | |
Масалиев көчөсүндөгү неврология бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоо | |
Караван айылынын Тайгараев көчөсүн асфальттоо | |
Караван айылына спорт аянтчасын жана спортзал куруу | |
БАМ кичи ройонуна жол салуу | |
№5 мектепке тротуар салуу | |
№13 мектепке чейинки жолду ондоо | |
Энгельс, Маркс көчөлөрүн асфальттоо жана газдаштыруу | |
Краснопартизан көчөсүнө лоток жаткыруу жана жолдорун ондоо | |
Новая жана Комсомольская көчөлөрүн асфальттоо | |
Бам кичи ройонунда спортзалдын тосмолорун куруу | |
№13 кичи ройонуна балдар аянтчасын куруу, К.Асанов көчөсүн асфальттоо | |
Техникумская, Школьная көчөсүн жарыктандыруу, лоток жаткыруу, балдар аянтчасын куруу | |
Джальская жана Солнышко көчөлөрүн асфальттоо, жарыктандыруу, таза суу куурларын орнотуу | |
Октябрская көчөсүнө тротуар жана балдар аянтчасын куруу | |
Караван айылындагы №22, №8 балдар бакчаларына балдар ойноочу аянтчаларын куруу | |
Жусубалиев көчөсүндөгү жаны курулган неврология имаратына кирүүчү жол тар болгондугуна байланыштуу, аны кенейтүү | |
Жусубалиев көчөсүндөгү психонаркология бөлүмүнүн сол капталындагы жолду асфальттоо | |
Стоматология бөлүмүнүн алдына окуу конференц-залын куруу | |
Ынтымак көчөсүнөн №7 мектепке түшүп кетип жаткан жолду асфальттоо | |
Муса Абдувалиев көчөсүндөгү жыгач электрмамычаларын заманбап мамычаларга алмаштыруу |