Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)
ТОКТОМ
2025-жылдын 22 - декабры №19/80
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-22-23-27- октябрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме 1).
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондун пайдаланууда Жобого ылайык иш жүргүзүү жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
22-декабрындагы кезексиз
19-сессиясынын № 19/80 токтомуна
тиркеме 1
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жыл сайын жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын резервдик фондунун (мындан ары – резервдик бюджет каражаттарын пайдалануу жол-жобосун аныктайт.