Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)
ТОКТОМ
2025-жылдын 22 - декабры №19/81
Үлүштүк каржылоо жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-22-23-27- октябрындагы №20 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үлүштүк каржылоо жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме 1).
2. Жергиликтүү бюджеттин үлүштүк каражаттарын пайдаланууда Жобого ылайык иш алып баруу жагы шаар мэри А.Бектуровго жүктөлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы жана экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
22-декабрындагы кезексиз
19-сессиясынын № 19/81 токтомуна
тиркеме 1
Үлүштүк каржылоо жөнүндө
ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө 113- мыйзамына 4-беренесине, Бюджеттик кодексинин 5-главасынын 28-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык иштелип чыккан.
Жобо жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүүнү жана иштетүүнү иреттейт.
Каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп эсептелет.
Үлүштүк каржылоо учурдагы жылда жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.