Редакцияот 22.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)

ТОКТОМ

2025-жылдын 22 - декабры №19/82

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мухтар Имаровдун ысымын Караван айылындагы “Новостройка” көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын  19-ноябрындагы №18  протоколун эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

1.    Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы “Новостройка” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Баба Абдуллаев көчөсүнөн кийинки 3-көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Мухтар Имаровдун ысымы ыйгарылсын.

2.    Жогорудагы көчөлөрдү жашылдандырууга, жарыктандырууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы көчөлөргө ысымы ыйгарылган инсандардын туугандарына, неберелерине сунушталсын.

3.    Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.

4.    Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.    Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Мурзаев