Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2025-жылдын 18-ноябры № 01-4/13-3
Бел-Алма көмүр карьерасынан соцпакет катарында берилген көмүрдү ташып келүү жол акысы тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына таянып, соцпакет катарында берилген 410тонна көмүрдү Бел-Алма көмүр карьерасынан Кеңеш айыл аймагына чейин көмүрдү ташып келүү жол акысын карап берүү тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн сунушун жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Соцпакет катарында берилген 410тонна көмүрдү Бел-Алма көмүр карьерасынан Кеңеш айыл аймагына чейин ташып келүү үчүн 1 кг көмүрдүн жол акысына 1сом 70 тыйынды көмүрдүн эсебинен алууга макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С.Абдырахманов |