Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш)
ТОКТОМ
2025-жылдын 22 - декабры №19/83
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак Булак айылындагы аты жок көчөгө оор атлетика боюнча спорттун чебери, маркум Кудайкулов Эсеналы Мурзахматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 19-декабрындагы №21 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарына караштуу Ак Булак айылындагы аты жок көчөгө оор атлетика боюнча спорттун чебери, маркум Кудайкулов Эсеналы Мурзахматовичтинысымы ыйгарылсын.
2. Жогорудагы көчөнү жашылдандырууга, жарыктандырууга, инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы көчөгө ысымы ыйгарылган инсандын туугандарына сунушталсын.
3. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.Мурзаев |