Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2025-жылдын 18-ноябры № 01-4/13-4
Айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлордун өздүк салымы үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына таянып, Кеңеш айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлордун өздүк салымы үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтү тарабынан 2026-жылга карата даярдалган долбоорлордун өздүк салымы үчүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 3919510 (үч миллион тогуз жүз он тогуз миң беш жүз он) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Аткарууга жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүл Назаралиевнага жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С.Абдырахманов |