Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2025-жылдын 15-октябры №1
“Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде иш алып баруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгына ылыйык, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын №1 протоколу аткарууга алынсын.
2. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинде жергиликтүү коомдоштуктардан делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы, элдик жыйындарды өткөрүү убактысы, квотасы жана өткөрүлүүчү жери, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын курамы 1-2-3-тиркемелер менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.М.Козубаев |