Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын
2025-жылдын 05-декабры №1
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө даярдаган маалым катын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча даярдаган маалым каты канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча даярдаган маалым катына ылайык айыл өкмөт башчысына төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Бюджеттик тартыштыктарды жоюу жана киреше булактарын көбөйтүү боюнча иш-чараларды күчөтү;
- Чыгашалардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М.Козубаев |