Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №1
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 ай ичиндеги аткарган иштери жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктураны жакшыртуу, калкты социалдык жактан колдоо, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана башка багыттар боюнча жүргүзгөн иш аракеттери тууралуу отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнө:
- Жыл жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы иштерди активдештирүү;
- Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толук кандуу жумшоо боюнча чараларды көрүү;
- Калк тарабынан көтөрүлгөн маселелерди өз убагында жана сапаттуу чечүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.М.Козубаев |