Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-декабры №72
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү жана кээ бир үнөмдөлгөн статьяларынан башка статьяларга жылдыруу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын бекитилген бюджети 2025-жылдын 12 айына 91225,9 миң сом, ал эми такталган киреше план тапшырма 127209,7 миң сомду түзөт, айырмасы 35983,8 миң сомду түздү. Кадамжай шаардык мэриясынын жылдык планын киреше-чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүп жана кээ бир үнөмдөлгөн статьяларынан башка статьяларга жылдырыпберүүжөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинин киреше салыгына төмөнкүдөй болуп өзгөртүүлөр киргизилсин:
11111100 “Салык агенти төлөөчү киреше салыгын” – 6000,0 миң сом көбөйтүү.
11311200 “Кыймылсыз мүлк салыгын” - 224,3 миң сомго көбөйтүү.
11312100 “Юридикалык жактардын транспорттук салыгын” – 224,3 миң сомго азайтуу.
11321100 “Короо жанындагы жана дачалык жер участкаларынан пайдалануу үчүн жер салыгын” - 192,1 миң сомго көбөйтүү.
11321300 “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлер салыгын” – 200 миң сом көбөйтүү.
11462230 “Роялити сурьмадан төлөнүүчү салыгын (сурьма)” – 70,0 миң сомго көбөйтүү.
13321200 “Өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каржаттар (целевые трансферты)” – 6363,1 миң сомго көбөйтүү.
14224200 “Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн салыгын” – 22,7 миң сом көбөйтүү.
14221800 “Автоунаалар токтоочу жай үчүн салыгын” – 50,0 миң сом көбөйтүү.
31412110 “Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу салыгынан” - 50,0 миң сом азайтуу.
Жалпы 12844,3 миң сом көбөйтүү.
2. Бюджеттин чыгаша бөлүктөрү боюнча:
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин чыгаша бөлүгү боюнча:
2121 “Соц фонд чыгашалар статьясын” - 12,7 миң сомго көбөйтүү.
2211 “Командировка чыгыша статьясын” – 5,5 миң сомго көбөйтүү.
2215 “Ар кандай чыгашалар статьясын” – 1826,1 мин сомго көбөйтүү.
3111 “Капиталдык оңдоо статьясын” (Кадамжай шаарындагы курулуп жаткан жабык бассейиндин курулушуна өздүк салым) - 11000,0 миң сомго көбөйтүү.
Жалпы 12844,3 миң сом көбөйтүү.
2215 “Ар кандай чыгашалар статьясынан” 2100,0 миң сомго азайтып жылдыруу.
3111 “Капиталдык оңдоо статьясына” 2000,0 миң сомго көбөйтүп жылдыруу.
Кадамжай шаардык мэриясынын чыгаша бөлүгү боюнча:
2215 “Ар кандай чыгашалар статьясын” – 100,0 миң сомго көбөйтүп жылдыруу.
2111 “Эмгек акы статьясынан – 600,0 миң сомго азайтып жылдыруу.
2121 “Соц фонд төлөмдөрүнөн” – 70,0 миң сомго азайтып жылдыруу.
2214 “Транспорт чыгымдарынан” – 100,0 миң сомго азайтып жылдыруу.
2221 “Учуруда ремонт иштери статьясынан” – 100,0 миң сомго азайтып жылдыруу.
2223 “Кийим мүлктөрдү сатып алуу жана тигүү-оңдоо статьясынан” – 100,0 миң сомго азайтып жылдыруу.
3112 “Машиналар жана жабдуулар сатып алуу статьясынан” – 300,0 миң сомго азайьып жылдыруу.
Кадамжай шаардык мэриясыныналдындагы муниципалдык менчик департаментинин чыгаша бөлүгү боюнча:
3111 “Капиталдык оңдоо статьясына” – 1270,0 миң сомго көбөйтүү.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |