Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-декабры №74
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 12-декабрындагы 01-05-3263 номери менен чыгышталган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” № 502 токтомун шаардын аймагында аткаруу жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү туралуу” № 502 токтомун шаардын аймагында аткаруу жөнүндөсунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кадамжай шаарынын аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайлары акысыз берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |