Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры № 34
Айдаркен шаарынын Асаев көчөсүнө күн панели менен иштөөчү жарыктандыруу долбооруна ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын сатып алуулар боюнча адиси Ч.Тагаевдин “Айдаркен шаарынын Асаев көчөсүнө күн панели менен иштөөчү жарыктандырууга материал сатып алуу долбооруна 701298 (жети жүз бир миң эки жүз токсон сегиз) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳгү” баяндамасын угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын Асаев көчөсүнө күн панели менен иштөөчү жарыктандырууга материал сатып алуу долбооруна өздүк салым үчүн 701298 (жети жүз бир миң эки жүз токсон сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Алтымышова |