Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры № 36
Айдаркен шаарынын күн чыгыш тарабынан 5,0 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын жер боюнча башкы адиси А.Жороевдин “Айдаркен шаарынын күн чыгыш тарабындагы 5,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын,транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо)” жѳнүндѳгү баяндамасын угуп, талкуулап, өнөр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 5-пуктуна ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын аймагынын күн чыгыш тарабынан 5,0 га жер аянтынын багытын өнөр жай зонага (промзона) которууга (трансформациялоого) мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Алтымышова |