Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №7/1
« Кербен автобекетин кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча»
Кербен шаарынын мэриясы 2025-жылдын 25-июлунда № 01-20/1949 каты менен кайрылган. Кербен шаардык кеңешинин өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлунда кабыл алган № 4 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен автобекетин жана Кара-Жыгач автокакссасын Кербен шаарынын мериясынын менчигине өткөрүлүп алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык кеңешинин өнөр жай, жол, транспорт,энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Өтөнбаевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |