Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №7/4
« 2026-2027-жылдар үчүн Кербен шаарынын аймагында айыл чарба
багытында эмес жерлер үчүн К3 зоналык коэффициентинин өлчөмдөрү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388, 404-беренелерине ыйлак Кербен
шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-июнундагы № 01-20/544 сандуу кат менен
кайрылуусунда Кербен шаарынын аймагындагы айыл чарбасы багытында эмес жерлер
үчүн К3 коэффициентинин өлчөмдөрү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып,
Кербен шаардык кеңешинин суу ресустары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык
мыйзамдуулук, маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-июлундагы №5 токтомун карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2026-2027-жылдарга Кербен шаарынын аймагында айыл чарба багытында эмес жерлер үчүн К3 зоналык коэффициенти бардык тармактар үчүн -1,0 эсебинде жана жумасына бир күн иштеген төмөнкүлөргө К3 коэффициенти -0,3 эсебинде белгиленсин:
- «Курмантаева Б» - «Динара» кафеси;
- «Курмантаева Б» - базар;
- «ОсОО Кудайназаров» - Кербен базары;
- «Иманалиев А» - ун базар;
- «Мырзамамытов Н» - базар;
- «Биримкулова Гулнар» - базар;
2. Кербен шаарынын мэриясы: Айыл чарба багытында эмес жерлердин өзгөргөн багыттары боюнча тактоолорду жүргүзсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресустары,муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияны төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |