Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели № 4/1
ЖЧК “NLC” Сокулук кирпич заводу жөнүндө
ЖЧК “NLC” Сокулук кирпич заводунун кайрылуусу менен таанышып чыгып, талкуулап, Белек айылынын жашоочуларынын макулдугун эске алып,
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Белек айылынын территориясында жайгашкан ЖЧК “NLC” Сокулук кирпич заводуна №262- контурдан 16 563,7 кв. метр жер тилкеси иштетүүгө жана топурак казуу үчүн 5 (беш) жылга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жер маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Намазалиев К.С. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б.Ибраимов |