Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры № 37
Айдаркен шаарынын Коммунистическая көчөсүнө коомдук эс алуу жай (сквер) куруу долбооруна ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын сатып алуулар боюнча адиси Ч.Тагаевдин “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына сунушталган Кыргызстан көчөсүнө тротуар төшөө үчүн 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу үчүн акча каражаты ажыратылып берилип, бирок колдоо таппагандыктан, ушул эле долбоорду 2026-жылга райондук өнүктүрүү фондуна Коммунистическая көчөсүнө коомдук кичи эс алуу жай (сквер) куруу сунуштоо пландалып, 2025-жылдын 7-ноябрындагы №31-токтомуна өзгөртүү киргизүү менен 1 190 000 (бир миллион бир жүз токсон миң) сом өздүк салым кошуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү” жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы №31-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2026-жылга райондун өнүктүрүү фондуна сунуштала турган “Коммунистическая көчөсүнө коомдук кичи эс алуу жай (сквер) куруу” долбооруна өздүк салым үчүн 1 190 000 (бир миллион бир жүз токсон миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзам чегинде ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Алтымышова |