Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры № 39
Айдаркен шаарындагы жалпы муниципалдык менчикте турган жер участкаларынын коммерциялык багытта жана эгин эгүү үчүн берилген ижара акыларынын тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаардык мэриясынын сатып алуулар боюнча адиси Ч.Тагаевдин “Шаардын аймагындагы жалпы муниципалдык менчикте турган жер участкаларынын коммерциялык багытта жана айыл чарба багытта иштетүү үчүн берилген ижара акыларынын тарифин көтөрүп бекитүү” жѳнүндѳгү баяндамасын угуп, талкуулап, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участкаларын ижара шартта коммерциялык багытта берүүгө ижара акысы бир айга бир чарчы метрине 30 (отуз) сом өлчөмүндө болуп мыйзамга ылайык бекитилсин.
2. Айыл чарба багытта пайдалануу үчүн бир сотых жер аянтына ижара акысы ай сайын 110 (бир жүз он) сом өлчөмүндө болуп мыйзамга ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Алтымышова |