Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры № 40
“Айдаркен эксплуатациялык-туракжай-коммуналдык чарбасы” муниципалдык ишканасына караштуу таш майдалоочу жана бетон аралашмасын чыгаруучу заводдон чыккан продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пуктун жетекчиликке алып, “Айдаркен эксплуатациялык-туракжай-коммуналдык чарбасы” муниципалдык ишканасына караштуу таш майдалоочу жана бетон аралашмасын чыгаруучу заводдон чыккан продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү максатында, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айдаркен эксплуатациялык-туракжай-коммуналдык чарбасы” муниципалдык ишканасына караштуу таш майдалоочу жана бетон аралашмасын чыгаруучу заводдон чыккан продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушталган тарифинин минималдык баасы, муниципалдык менчиктеги атайын техникалардын кызмат көрсөтүү прейскуранты, кум, шагыл, бетон аралашмасы жана атайын кызмат көрсөтүүлөрүнүн прейскурантына колдонулуучу коэффициенттер №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Алтымышова |
Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын №40-токтомуна №1-тиркеме
Кум, шагылдын минималдык баасы
№ | Материалдардын аталышы | Өлчөм бирдиги | Баасы | Жалпы баасы |
1 | Кум | 1 тонна | 294,9 | 294,9 |
2 | Щебень 20-25мм | 1 тонна | 241,6 | 241,6 |
3 | Щебень 30-50мм | 1 тонна | 238,9 | 238,9 |
Бетон аралашмасынын баасы
№ | Материалдардын аталышы | Өлчөм бирдиги | Баасы | Жалпы баасы |
1 | В15 маркасы | 1 м3 | 3353,2 | 3353,2 |
2 | В20 маркасы | 1 м3 | 3738,1 | 3738,1 |
3 | В25 маркасы | 1 м3 | 4037,3 | 4037,3 |
4 | В30 маркасы | 1м3 | 4495,9 | 4495,9 |
Колдонулуучу коэффициенттер
№ | Колдонуучулар | Коэффициент |
1 | Элге | 1 |
2 | Бюджеттик мекемелер | 1,2 |
3 | Жеке юридикалык жактар | 1,3 |
4 | Башкалар | 1,3 |
|
|
|
Жооптуу катчы: Г.Амирбекова