Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры № 41
Айдаркен шаарынын таза суу жана сыркынды сууга болгон тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пуктун жетекчиликке алып, Айдаркен шаарынын калкына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинен суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, канализация жана техникалык тейлөө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү максатында, бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын калкына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинен суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, канализация, техникалык тейлөө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Алтымышова |
Айдаркен шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын №41-токтомуна №1-тиркеме
Кызмат көрсөтүүлөрдүн категориясы | Кызмат | 2024-жыл | 2026-жыл |
Калк (шаардын суу колонкалары) | Суу | 8,82 сом/м³ | 10,08 сом/м³ |
Калк (жарым-жабдылган үйлөр) | Суу | 14,7 сом/м³ | 16,8 сом/м³ |
Калк (жакшы жабдылган үйлөр) | Суу | 25 сом/м³ | 28,6 сом/м³ |
Калк (жарым-жабдылган үйлөр, ваннасыз) | Канализация | 14,10 сом/м³ | 16,8 сом/м³ |
Калк (жакшы жабдылган үйлөр) | Канализация | 23,90 сом/м³ | 26 сом/м³ |
Калк | Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу | 17,76 сом/м³ | 21,1 сом/м³ |
Бардык категориялар | Техникалык тейлөө | 1,88 сом/м² | 2,03 сом/м² |
Бюджеттик уюмдар | Суу | 7,31 сом/м³ | 8,7 сом/м³ |
Бюджеттик уюмдар | Канализация | 13,67 сом/м³ | 16,3 сом/м³ |
Коммерциялык уюмдар | Суу | 13,2 сом/м³ | 16 сом/м³ |
Коммерциялык уюмдар | Канализация | 28,3 сом/м³ | 33,6 сом/м³ |
Жооптуу катчы: Г.Амирбекова