Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели № 4/3
«З. Кайназарова атындагы айыл аймагында жайгашкан МАЧЖФ (ГФСУ) жерлерин перспективалык планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомуна ылайык МАЧЖФ жерлерин ижарага берүү максатында торук өткөрүү боюнча беш жылдык перспективалык планын бекитүү боюнча З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылыштын депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МАЧЖФ жерлерин туура жана максаттуу пайдалануу максатында 5(беш) жылдык мөөнөт менен 2025-2030-жылдар аралыгына перспективалык план бекитилсин.
2. Түзүлгөн планга ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистери жана айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б.Ибраимов |