Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Энергетика министрлигинин
2025-ж. “31” декабрындагы № 63-19
буйругу менен бекитилген
Жөнөкөйлөтүлгөн схема боюнча объекттерди электр менен жабдуу жана электр тармактарына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүнүн тартиби
Жалпы жоболор
Бул тартип чакан кубаттуулуктагы объекттерди электр тармактарына кошуу үчүн техникалык шарттарды аныктоодо жана берүүдө энергия менен жабдуучу уюмдар менен жеке / юридикалык жактардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салат.
Колдонуу чөйрөсү
Бул тартип 30 кВт чейинки чакан кубаттуулуктагы объекттерди электр менен жабдуу зарыл учурда, аларды жаңы электр тармактарын курбастан кошууга мүмкүн болгондо жана алар өздүк үй куруунун аймагында жайгашкан учурда колдонулат.
Максаттары жана милдеттери
Бул тартип төмөнкүлөрдү белгилейт:
Электр менен жабдууга техникалык шарттарды алуу жана аткаруу тартиби.
Арыз берүүнүн тартиби
Техникалык шарттарды берүү энергия менен жабдуучу уюм тарабынан жеке же юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Арызга тиркелүүчү документтердин тизмеси
Арызга төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (жеке жактар үчүн) же мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле устав жана жетекчини дайындоо жөнүндө документ (буйрук же протокол);
- объектиге же жер участогуна укук белгилөөчү документтер (техникалык паспорт, сатып алуу-сатуу, белекке берүү келишими, менчик жөнүндө күбөлүк, жер участогуна мамлекеттик акт, мурас жөнүндө документтер);
- керектөөчүлөрдүн тобун туташуу чекитин көрсөтүү менен сатуу кызматынын тескөөчүсүнүн текшерүү актысы (ОМТСка ылайык тарифти туура колдонуу үчүн).
Арызды кароо мөөнөтү
Энергия менен жабдуучу уюм арызды жана документтердин толук пакетин кабылалган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде техникалык шарттарды берет.
Техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү
Арыз ээси техникалык шарттарда көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга милдеттүү.
Техникалык шарттардын иштөө мөөнөтү
- 6 ай. Ушул Тартипке ылайык берилген техникалык шарттар кубаттуулуктун андан ары көбөйтүлүүсүнө жатпайт.
Корутунду жоболор
Энергия менен жабдуучу уюм кошуу үчүн техникалык шарттарды берүү жана документтердин зарыл пакетин кароо үчүн жоопкерчилик тартат. Ушул Тартип менен жөнгө салынбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык чечилет.