Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 2-апрели № 4/6
«Калктуу конуштун ичиндеги суу өтүүчү каналдарга, арыктарга санитардык ченемдерди белгилөө жөнүндө»
Айыл өкмөтүнүн жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Намазалиев К.С. калктуу конуштун ичиндеги суу өтүүчү каналдарга, арыктарга санитардык ченемдерди белгилөө жөнүндө сунуш пикирин угуп, талкуулап З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын калктуу конуштун ичиндеги суу өтүүчү каналдарга, арыктарга санитардык ченемдери төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Арыктын түбү боюнча туурасы
| Арыктын жээгиндеги бош орундук |
1 | 0,4-0,6 м | 1-1,5 м |
2 | 1-1,5 м | 4-7 м |
3 | 1,6-2 м | 8-11 м |
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |