Загрузка документа…
ШАМАЛДУУ-САЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №3
«Шаардык мэриянын 11.09.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясынын балансында турган ЕНИ коду 3-04-11-0005-1095 сандары менен катталган Ленин №29 дарегинде жайгашкан эски поликлиниканын имаратын, шаардык мэриянын административдик имараты катары бекитүү тууралуу” № 01-17/2423 сандуу кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 11.09.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясынын балансында турган ЕНИ коду 3-04-11-0005-1095 сандары менен катталган Ленин №29 дарегинде жайгашкан эски поликлиниканын имаратын, шаардык мэриянын административдик имараты катары бекитүү тууралуу” № 01-17/2423 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматын угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезексиз 11- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 11.09.2025-жылдагы “Шамалдуу-Сай шаарынын мэриясынын балансында турган ЕНИ коду 3-04-11-0005-1095 сандары менен катталган Ленин №29 дарегинде жайгашкан эски поликлиниканын имаратын, шаардык мэриянын административдик имараты катары бекитүү тууралуу” № 01-17/2423 сандуу кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Чаргынованын маалыматы эске алынсын.
2. Шамалдуу-Сай шаарындагы Ленин №29 дарегинде жайгашкан ЕНИ коду 3-04-11-0005-1095 сандары менен катталган эски Поликлиниканын имаратын, өндүрүштүк заралчылыкка байланыштуу шаардык мэриянын административдик имараты катары бекитүү маселеси материалдар такталбагандыгына байланыштуу артка кайтарылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С. Чаргынова) жүктөлсүн.
Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы: |
З.А. Сатаров |