Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX-чакырылыштын 4- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 2-апрели № 4/8
“Жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Первомайское айылынын тургуну А.Т. Туйтуевдин 18.02.2025-ж “Жердин багытын өзгөртүп берүү” жөнүндө арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык,Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 26-сентябрындагы №58-24 корутундусун, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын №01-06/1949 16.08.2024-ж., жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлигинин Сокулук район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 19.08.2024-ж №04/382 оң корутундусун эске алуу менен, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 2-апрель №4 протоколунун негизинде комиссиянын жеринен текшерүүсү менен
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Первомайское айылындагы Спортивная көчөсүндөгү № 52в деген даректе жайгашкан идентификациялык код 7-08-18-1001-0609 жалпы аянты 1397,0 м.кв “Жеке турак жай алдындагы жерден” жер тилкесинин максаттык багытын (категория) “Жыгач буюмдарын жасоочу цех” астындагы жер тилкеге өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү З. Кайназарова атындагы айыл өкмөт башчысы А.К. Жумашалиевге калтырам
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |