Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-январы № 8
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик компаниялардын сатып алуу жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
– 5-пунктта:
8-пунктчада:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жыйымдарды, алымдарды, төлөмдөрдү, төгүмдөрдү (мүчөлүк жана кириш), анын ичинде соттордо талаш-тартыштарды чечүү менен байланышкандарды төлөө жана акы төлөнүүчү мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;»;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– убактылуу тышкы башкаруучуга (чарбакер коомдордо убактылуу тышкы башкарууну ишке ашыруучу) сый акы төлөө; агенттик сый акы төлөө жана заказчынын товарларын, кызмат көрсөтүүлөрүн жана продукциясын сатуу максатында кол коюлуучу агенттик келишимдерди (анын ичинде субагенттик келишимдерди, ошондой эле промоутерлер жана дистрибьюторлор менен келишимдерди) түзүү;»;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– банктык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде төлөм системаларынын, банктардын төлөм уюмдарынын финансы-кредиттик операторлорунун операциялары жана кызмат көрсөтүүлөрү;»;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– эл аралык жана чет өлкөлүк финансы институттарынын, анын ичинде өнүктүрүү банктарынын, стратегиялык жана экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун каржылаган башка мекемелердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү сатып алуулар;»;