Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 26-декабры №2
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылында жайгашкан “Ыдырыс-Ата” кумбөзүнө салынуучу А-Фрейм үйлөрүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоого уруксат берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 2025-жылдын 26-декабрындагы №01-18/4894 чыгыш сандуу катын карап жана талкуулап, айыл аймакта туризимди өнүктурүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, туристик инфраструктураны жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылында жайгашкан “Ыдырыс-Ата” күмбөзүнүн аймагына туристтер үчүн арналган А-Фрейм үлгүсүндөгү 3 (үч) даана үйдү куруу долбоорун Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоого уруксат берилсин.
2. Аталган долбоор боюнча тиешелүү документтериди даярдоо жана облустук өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте тапшыруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабековага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Б.Кутбидин уулуна жана Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.М.Козубаев |